Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Ооган өкмөтү «Талибандын» талабын аткарууда шарт койду


Ооган түрмөлөрүндө он миңдей талиб жоочусу бар экени айтылган. 
Ооган түрмөлөрүндө он миңдей талиб жоочусу бар экени айтылган. 

Ооган өкмөтү «Талибан» кыймылынын туткундагы 1,5 миң жоочусу гана бошотуларын, бирок бул кыймыл талап кылып жаткан сандагы адамды бир убакта чыгаруу «мүмкүн эмес» экенин билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Сиддик Сиддики дагы 3,5 миң адамды бошотуш үчүн кайсы бир шарттар аткарылышы керек экенин айтты, бирок аны тактаган жок. Сиддики 1,5 миң адамды түрмөдөн чыгаруу 14-мартта башталарын, күнүнө жүздөн адам коё берилерин кошумчалады.

Ооган президенти Ашраф Гани 10-мартта «Талибан» кыймылынын түрмөдөгү 1,5 миң жоочусун бошотуу тууралуу буйрук чыгарган.

«Талибандын» өкүлү Сухаил Шахин Вашингтон менен аталган кыймыл кол койгон тынчтык келишимине ылайык, беш миң адам бошотулушу керек экенин айтып, бул талап аткарылмайынча ооган өкмөтү менен сүйлөшпөй турушканын билдирди.

Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссия талиб жоочуларынын бошотулушу мыйзамсыз болоорун билдирди. Уюмдун өкүлү Наима Назари «мамлекеттик жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, президент аскердик кылмыштарга жана адамзатына каршы кылмышка айыпталгандарды бошотууга ыйгарым укугу жок» деп билдирди. Вашингтон менен «Талибандын» тынчтык келишимин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жактырган жана куралдуу кыймыл чабуулдарын токтотушу керек экенин билдирген. Ооган түрмөлөрүндө он миңдей талиб жоочусу бар экени айтылган.

Өткөн айдын аягында Вашингтон менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол койгон. Ооган өкмөтү тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана документке кол коюу жараянына катышкан эмес. Буга чейин президент Ашраф Гани келишимдеги беш миң талиб жоочусун бошотуу тууралуу талапты аткарбай турганын билдирип келет.

Документке ылайык, Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнүн биринчи айлампасын баштады. Эгер келишимдин шарттар бузулбай турган болсо америкалык аскерлер 14 айдын ичинде Ооганстандан толугу менен чыгып кетмекчи.

XS
SM
MD
LG