11-марта АКШ Мамлекеттик департаменти 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Документте 2019-жылы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы, жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндигин мамлекеттер канчалык урматтап же тескерисинче бузганы талданат.
Кыргызстанга арналган бөлүгүндө күч түзүмдөрүнүн жана коопсуздук кызматтарындагы кыйноо жана тандалма камакка алуу, абактардагы кооптуу абал, саясий туткундар, сот системасынын көз карандылыгына байланышкан маселелер, сөз эркиндигин, басма сөздү, Интернетти чектөө, анын ичинде сайттарга бөгөт коюу жана жалаа жабуу, кеңири тараган паракорлук, адам аткезчилиги, ЛГБТ өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, коркутуу, балдардын эмгегин пайдалануу өңдүү терс көрүнүштөр белгиленет.
Бийлик органдары коррупциялык иштерди иликтөө же сот жообуна тартуу аракеттерин көрүп жатканы менен аткаминерлердин жазасыз калганы олуттуу маселе бойдон турганы айтылат.
Жергиликтүү укук коргоочу уюмдардын маалыматына караганда, бийлик «тыюу салынган диний уюмга мүчө», «диний-экстремисттик аракеттер» деген шек менен өзбек улутундагыларды бутага алган жана кармаган фактылар бар. Ошондой эле баяндамада милиция жалган айыптарды тагып, кийин пара үчүн бошоткон учурлар тууралуу айтылат.
Муну менен катар докладда өлкөнүн адам укуктары жаатында жетишкендиктери да белгиленет. Алардын бири – жарансыздык маселесин чечүү, кыйноого каршы күрөшүү.
Кошмо Штаттар жылдык баяндамасы аркылуу дүйнө жүзүндө адам укуктарын жана фундаменталдуу эркиндигин коргоону илгерилетүү вазийпасын аткарып келет.