Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Тажикстанда вируска байланыштуу өзгөчө кырдаалга даярдык көрүлүүдө


Базарды дезинфекциялоо. Тажикстан. Март, 2020-жыл.
Базарды дезинфекциялоо. Тажикстан. Март, 2020-жыл.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Вирустун алдын алуу максатында базарлар, коомдук тамактануу түйүндөрү, калкты тейлөө жайлары жана эл көп жүргөн жерлер дезинфекцияланууда.

Мекеме-ишканаларда, бала бакчалар менен мектептерде да коронавирустун алдын алуу аракеттери жүрүп жатат.

Ушул тапта Тажикстанда коронавируска чалдыккандар жок. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-февралдан 9-мартка чейин Кытайдан, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан жана Ооганстандан келген 1566 киши текшерүүдөн өткөн. Алардын көбү эки жума карантинде болушкан.

4-мартта Тажикстандын Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууга чектөө киргизген. Нооруз майрамына карата студенттер менен окуучулардын салттуу жүрүштөрү токтотулган.

XS
SM
MD
LG