Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Аксыда мектепте токмоктолгон баланын окуясы тергелип жатат


Аксы району.
Аксы району.

Райондун Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы мектептин окуучуларынын мушташын милиция териштирип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, 9-класстын окуучуларынын ортосундагы мушташ 6-февралда катталган.

«16 жаштагы окуучу денесинен түрдүү жаракат алып ооруканага жаткырылып, милицияга кабар берилген. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иши ачылып, алты окуучу шектүү катары тергөөгө тартылган. Соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, жакында иш сотко жөнөтүлгөнү турат. Жабыркаган баланын апасы тосмо арыз жазып бергенине карабай акырына чейин тергелип бүтөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда тараган видео материалда топтошкон окуучулар бир баланы тепкилеп, уруп жатканы тартылган. Окуяны таасирдүү адамдар кийлигишип, жаап салганы да белгиленген. (RsK)

XS
SM
MD
LG