Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Коронавирус: Мектептерди бир айга жабуу жөнүндө сунуш айтылды (видео)


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерди жана бардык окуу жайларын бир айга жаба туруу зарыл деп эсептейт. Ал 12-мартта парламенттин жалпы жыйынында ушундай сунуш киргизди.

Депутаттын пикиринде, мындай чара коронавирустун алдын алууга жардам берет.

«Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга – 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуш кылат элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсок болот эле», - деди ал.

Мектептерди убактылуу жаба турууну башка депутаттар да сунуш кылышты.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG