Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Шаардык сот «Азаттыктын» жактоочусунун арызын канааттандырган жок


Бишкек шаардык сотунун судьялары Ирина Скрипкина, Гүлмира Садыкова жана Азизбек Досмамбетов.12-март, 2020-жыл.

12-мартта Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин Свердлов райондук сотунун аныктамасына каршы берген жеке арызын канааттандыруудан баш тартты.

Адвокат шаардык сотко Свердлов райондук сотунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүдөн баш тарткан аныктамасына каршы февраль айында арыз жазган.

Алагушев Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доосу боюнча 29-январдагы соттук отурумда ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранган. Мындай өтүнүчтү негизги ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова канааттандырган эмес.

Буга чейин ушул эле судья Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага каршы арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка коюу боюнча чечим чыгарган. Ушундай негиздерге таянган жактоочу сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова калыстык кыла албайт деп эсептеп жатат.

Адвокат ушундан улам Бишкек шаардык сотунан ишти Ленин же Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары каршы болушкан.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG