Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:27

Ала-Бука: суу талаштан чыккан чек арадагы чыр жөнгө салынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта суу талаштан чыккан чыр сүйлөшүүлөрдүн негизинде жөнгө салынды.

Райондун акими Эмилбек Абдыкадыров «Азаттыкка» бул багытта чектеш аймактагы район жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү болгонун билдирди:

«10-март күнү чек ара тилкесинде Чуст районунун акими менен жолугушуп, жеринде сүйлөшкөнбүз. Биз тараптан жети үй-бүлөгө чек арадагы арык аркылуу агын суу барат. Ошондуктан арыкты биргелешип казууну жана тазалоону макулдашканбыз. 12-март күнү эки тараптан тургундар чогулуп, кайрадан чыр чыгыптыр. Алардын жергиликтүү бийлиги менен телефон аркылуу сүйлөшүп, арыкты эртерек тазалоо менен суу берүү боюнча чечимге токтолгонбуз. Бирок азырынча иштер баштала элек».

Ушул жылдын январь айында да Таш-Арык айылындагы такталбаган аймакка суу бурууга келген өзбек чек арачылары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Аймакта 100 гектардай жер учурда такталбаган участоктордун катарына кирет.

Жалал-Абад облусунун аймагында кыргыз-өзбек чегинде такталбаган алты участок бар. Алардын төртөө Ала-Бука районунда жана экөө Аксыда. Жалпысынан облуста 19 600 гектардан ашык жер талаштуу аймак болуп турат. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG