Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, Ошто санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери шаардын аймагындагы 78 мечитте, 3 медреседе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Эл көп чогулган жайларда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча эскертме кагаздар таркатылып жатат.
Оштогу «Сулайман-Тоо» борбордук мечитинде өткөн жыйында имамдарга илдет тууралуу түшүндүрмө берилди.
Атайын адистер шаардагы автобус жана троллейбустарды дезинфекциялап жатышат.