Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Иманалиев: Соңку окуялар Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулук алдында уят кылды


Каныбек Иманалиев долбоордун ачылышында. 12-март, 2020-жыл.
Каныбек Иманалиев долбоордун ачылышында. 12-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзамдын парламентте биринчи окууда өтүшү жана 8-марттагы акцияга кол салуу өлкөдөгү жарандык коомдун өнүгүшүнө сокку урду. Мындай пикирин өлкөдөгү медиа секторду реформалоону колдоо боюнча «Медиа Диалог» деп аталган долбоордун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, соңку окуялар Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулук алдында уят кылды.

Депутат мындай шартта өлкөнүн жалгыз жетишкендиги катары сөз эркиндиги гана калып жатканын белгилеп, бул багытта көз каранды эмес медианы колдоо зарыл экендигин кошумчалады.

«Медиа диалог» долбоору медиа өкүлдөрүнүн жарандык коом менен бирге маалымат каражаттарына тиешелүү маселелерди талкуулоого, көмөк көрсөтүүгө багытталган. Аны Евробиримдик колдоого алып жатат. Долбоор Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда медианы колдоо максатын көздөйт.

Кыргызстанда быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG