Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:13

Финпол: Судья пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте судья пара алуу боюнча шек саналууда. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдиргендей, 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кармалды.

Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүрүлдү. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

2019-жылы март айында Бишкекте соттор менен жолугушуу учурунда президент Сооронбай Жээнбеков калыс сот системасын орнотмоюнча өнүккөн мамлекет курулбай турганын айткан. Кээ бир соттор бир эле чечим менен бүтүндөй бир системаны талкалап жатканын, «сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу зарыл» экенин айтты.

Биринчи май райондук соту бүгүнкү окуя тууралуу азырынча расмий коммантарий бере элек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG