Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту былтыр ноябрда күйөөсүнүн өлүмү үчүн айыпталып кармалган 29 жаштагы келинди тогуз жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айыпка жыкты. Соттолуучунун жашы жете элек эки баласына кам көрүү жана туугандарына өткөрүп берүү Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө жүктөлдү.
2019-жылы 21-ноябрда Ош шаардык милициясы 46 жаштагы жарандын өлүмү үчүн шектүү катары 29 жаштагы келинди кармаган. (MdN)