Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого үгүт иштери башталды


Каракол шаардык кеңешине ат салышуучу партиялар. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракол шаардык кеңешине ат салышуучу партиялар. Иллюстрациялык сүрөт.

Үгүт өнөктүгү 13-марттан 11-апрелге чейин уланат. Шайлоого катышууга катталган саясий партиялар үгүт иштерин алдын-ала аккредитациядан өткөн маалымат каражаттары жана алардын интернет-сайттары аркылуу гана жүргүзө алышат. Ал эми социалдык тармактар үгүт аянтчасы болуп эсептелбейт жана БШКнын көзөмөлүнө алынбайт. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов «Азаттыктагы» маегинде билдирди:

«Соцтармактарда жүргүзүлгөн чаралар үгүт деп эсептелбейт. БШКнын ал жакты тескегенге чама-чаркы жок. Мыйзамда да соцтармактарды тескөө жагы каралган эмес».

Бирок Бегматов Интернет түйүндөрүндө саясий партиялардын кадыр-баркына доо кетирген чакырыктар жасалса, андай учурлар териштирилерин кошумчалады.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтөт.

Ал күнү Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаардык жана 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 22 саясий партия ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG