Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстан Иран менен аба каттамын убактылуу токтотту


Иранда коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру. Март, 2020-жыл.

Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек-Тегеран каттамына убактылуу чектөө киргизилди.

Ирандан Кыргызстанга Орусиянын «Аэрофлот» жана Түркиянын «Түрк аба жолдору» компаниялары аркылуу учуп келип жаткандар бар. Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек-Тегеран каттамы 2019-жылы декабрдан тартып ишке кирген.

Иран коронавируска чалдыккандар жана андан набыт болгондордун саны жагынан Кытай менен Италиядан кийинки орунда турат.

Расмий Тегерандын маалыматы боюнча, Иранда оору 10 миңден ашуун кишиге жукту, илдеттен 429 адам көз жумду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG