Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Якутияда оппозициялык депутат мандатын таштады


Якутск.
Якутск.

Мамлекеттик жыйындын депутаты Орусиянын Баш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдөн соң мандатын таштады. Сулустана Мыраан Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана аны Якутиянын Мамлекеттик жыйыны колдоп бергенин мыйзамсыз деп билдирди. Бул тууралуу «Якутия.инфо» жазды. Ал кызматташтарын «шайлоочуларды сыйлабайт» деп сындады.

«Мен мындан ары бул жерде кала албайм. Бубак баскан чачтарымды уят кылгым келбейт» деди депутат.

Мыраан мурда оппозициянын жыйындарына катышып жүргөн. Былтыр май айында «Ал бизге падыша эмес» деген акцияга катышканы үчүн кармалган. Депутат ошондой эле Путинге каршы Кремлге жөө жүрүшкө чыккан бакшы Александр Габышевдин акциясын да колдоп келген.

Якутиянын Мамлекеттик жыйынындагы 49 депутат Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоп берген, 13ү каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG