Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Ага ылайык, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо келишимине ылайык чек ара бөлүнгөн жана эч кандай өзгөрүү болгон эмес.
Билдирүүдө: «Чек ара сызыгындагы түрдүү табигый өзгөрүүлөр, анын ичинде дарыяларда да, эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын өзгөрүшүнө шарт түзө албайт. Ошондуктан Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы чек ара сызыгы Чүй суусунун жээгиндеги табигый өзгөрүүлөргө карабастан, бир сантиметрге да жылган эмес. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы мурунку абалында» деп айтылган.
12-мартта Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Алар «Чүй дарыясындагы тазалоо иштери Кыргызстандын жеринин айрым бөлүгүнүн казак тарапка ооп кетишине себеп болуп жатат» деп билдирип, ишти токтотууну талап кылышкан.
Чүй дарыясынын Чым-Коргон айылынын тушундагы бөлүгүндө кыргызстандык «Пикассо» ишканасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын анын жетекчиси жетекчиси Айбек Абылкасымов «Азаттыкка» билдирген. Ал ошондой эле «чек ара тилкеси бузулуп жатат» деген дооматты четке какты.
Кыргыз-казак чек ара тилкесинин узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо боюнча келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында кол коюлган. (ZKo)