Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди чет өлкөгө чыкпай турууга чакырды


Коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штабдын 12-марттагы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда Covid-19 вирусуна байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө себеп жок экенин, мамлекеттик чек араларда тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди:

«Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөт ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат».

Вице-премьер-министр кыргызстандыктарды социалдык тармактарда жана мессенжерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого, Саламаттык сактоо министрлигинин жана республикалык штабдын сунуштамаларын аткарууга чакырды. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салынгыча башка өлкөлөргө иш сапарларына барууну токтотуп турууну сунуш кылды.

Республикалык штаб ошондой эле жарандарды мектепте окуган балдарын каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына, залдарга жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат. Буга чейин Билим берүү министрлиги мектептердин кышкы каникулу 21-марттан 30-мартка чейин болорун жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG