Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Пара алуу үчүн шектүү судья коё берилди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова коё берилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеме муну «мыйзамга ылайык, соттордун кол тийбестиги бар» деп түшүндүрдү.

Kaktus.media агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып, судья Орозбакова жумушка чыкканын жазып жатат.

Финансы полициясы 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кармалганын кабарлаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү башталды.

2019-жылы март айында Бишкекте судьялар менен жолугушуу учурунда президент Сооронбай Жээнбеков калыс сот системасын орнотмоюнча өнүккөн мамлекет курулбай турганын айткан. Кээ бир судьялар бир эле чечим менен бүтүндөй бир системаны талкалап жатканын, «сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу зарыл» экенин айткан.

Биринчи май райондук соту бүгүнкү окуя тууралуу азырынча расмий коммантарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG