Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

AI: Кыргызстан 8-мартта өткөн марштагы окуяны иликтеш керек


8-марттагы акциядан кармалгандардын бири.
8-марттагы акциядан кармалгандардын бири.

«Amnesty International» эл аралык уюму 10-март күнү Бишкектеги аялдардын укуктарына арналган акцияны колдой турганын, 8-марттагы жүрүшкө тоскоолдук кылгандардын тек-жайы такталышы керек экенин билдирди. Уюмдун кайрылуусу анын сайтына жарыяланды.

«Бийлик кол салгандардын тек-жайын тактап, сотко бериши керек», - деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Уюм Бишкек мэриясынын тынч митингдерге чогулууга тыюу салган чечимдерди жокко чыгарганын кубаттайт.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок ага калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарып, иш-чараны үзгүлтүккө учураткан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер коё берилген.

Бул окуяга нааразы болгондор 10-мартта Уркуя Салиевага арналып тургузулган Эркиндик монументинин алдында акция өткөрүшкөн. Тынч митингдегилер 8-марттагы маршты үзгүлтүккө учуратып, анын катышуучуларына кол салгандарды жазага тартууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG