Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 04:17

АКШ Иракта Иран колдогон кошуундарга сокку уруп жатат


Ирактагы Тажи аба базасы, 2014-жылдын декабрь айында тартылган сүрөт.

АКШ эки күн мурда америкалык жана британиялык аскерлердин өмүрүн алган чабуулга жооп иретинде Ирактагы Иран колдогон кошуундарга абадан сокку уруп жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын армиясы 12-марттын кечинде билдирди.

Маалыматта шииттердин «Катаиб Хезболла» кошуунунун Ирактын ар кайсы аймактарындагы позициялары, курал сактоочу кампалары бутага алынып жатканы айтылды. Пентагон аба соккулары «коргонуу максатын көздөөрүн», Иран колдогон күчтөр туудурган коркунучка каршы чара экенин белгиледи.

11-мартта Ирактын баш калаасы Багдаддан 30 чакырым аралыктагы Тажи аскердик базасына сокку урулган. Андан АКШнын эки аскери, Британиянын бир жоокери мерт болуп, ондогон адам жараат алган.

Бул чабуулга эч ким жоопкерчилик алган эмес. Бирок Кошмо Штаттар Ирактагы коалициялык күчтөрдү бутага алган буга чейинки чабуулдар боюнча Тегеранды күнөөлөп келет. Иран январь айынын башында белгилүү аскердик командачысы Касем Сулеймани Кошмо Штаттардын абадан урган соккусунан мерт болгондон кийин Ирактагы америкалык аскерлердин базасына баллистикалык ракеталарын аткан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG