Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Чек ара кызматы: мыйзамсыз ташылып бараткан медициналык каражат кармалды


Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 13-мартта «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде 33 жаштагы кыргызстандык 100 миңге жакын медициналык беткапты Казакстанга өткөрүп кетүүгө аракет кылган. Ал медициналык товардын тийиштүү документи болгон эмес жана жүк ташуучу автоунаада жер-жемиштин арасында катылган. Кармалган товардын баасы 1 400 000 сомду түзөт.

Өкмөт токтому менен 2-февралдан баштап сыртка медициналык беткап ташып чыгууга алты айга тыюу салынган. Учурда бул фактыны тийиштүү укук коргоо органдары териштирип жатышат.

XS
SM
MD
LG