Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

ЖАМК: ачкачылык кармагандар дарыгердин көзөмөлүндө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылыгын улантууда. Бул тууралуу 13-мартта «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков маалымдады. Ал ачкачылык кармагандар дарыгердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

9-мартта №1, №16, №19 жана №25 мекемелерде отурган 200дөй соттолгон адам сот менен прокуратурадан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарды аткарууда алардын конституциялык укугун коргоп берүүнү талап кылып, ачкачылык кармай баштаган.

ЖАМК мунапыс мыйзамына ылайык алардын ишин кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен 2019-жылы тиешелүү мекемелерге кайрылганын, бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгонун, андыктан ачкачылык жарыялоо негизсиз экенин билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 347 адам бар. 2019-жылы Кыргызстанда жазык мыйзамдары өзгөртүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG