Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Жалал-Абаддагы клубда өлүм менен коштолгон чатакты милиция териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардагы түнкү клубдардын биринде 9-мартта болгон мушташтан 29 жаштагы жигит каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» билдиргендей «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүгө издөө жарыялоо боюнча тергөө жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык 8-марттын түнүндө каза болгон адам өзүнүн тааныштары менен бирге эс алуу жайында отуруп, пикир келишпестиктен улам чатакташа кеткен. Жабырлануучу түнкү клубдагы мушташтан кийин эстен танып, ооруканага жаткырылган. 10-март күнү ал эсине келе албай жатып ооруканада каза болгон.

Маркумдун жакындары кылмышка шектүү ушул күнгө чейин кармалбай, иш жакшы тергелбей жатканына нааразычылык билдирүүдө. Каза болгон адамдын артында эки баласы калды.

Былтыр сентябрда да Жалал-Абад шаарындагы «Дина» аттуу эс алуу жайында жапырт мушташ чыккан. Андан жабыркаган 26 жаштагы Мунарбек Бекишев төрт күндөн кийин эсине келе албай жатып каза болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG