Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 18:45

Европа биржаларында өсүш байкалды


Нью-Йорк биржасындагы трейдер. 11-март, 2020-жыл.

Европадагы фондулук биржалардагы акциялардын баасы 12-марттагы кескин төмөндөөдөн кийин жума күнү бир аз көтөрүлдү.

13-марттын таңында Лондондогу биржалар үч пайызга, Испаниядагы «Ibex 35» биржасы алты пайызга өстү. Бир күн мурда 16% төмөндөп кеткен Италиянын FTSE MIB фондулук биржасында жума күнү үч пайыздык жогорулоо байкалды. Азиядагы биржаларда бир аз өсүш болду.

Бирок дүйнө өлкөлөрүндө коронавирустун кесепетине байланыштуу санаркоодон улам баалуу кагаздар рыногу дагы эле олку-солку абалда турат.

12-мартта АКШнын фондулук биржаларында соода ачылбай жатып токтотулган. Беш мүнөттүн ичинде «Nasdaq Composite», «Dow Jones» жана башка индекстер кескин түшүп кеткен. Мындай терс көрсөткүчтөр 1987-жылдан бери каттала элек болчу.

АКШнын президенти Доналд Трамп коронавирус коркунучунан улам өлкөнү Европадан келгендер үчүн жабуу жөнүндө чечими ушундай реакцияга алып келди.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG