Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Болгарияда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов парламентте сүйлөп жатат, 13-март 2020-жыл.
Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов парламентте сүйлөп жатат, 13-март 2020-жыл.

Болгарияда өпкөнү сезгенткен коронавирустан улам бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өкмөттүн мындай сунушун болгар парламенти 13-мартта бир добуштан колдоду. Анын алдында Болгариянын футбол федерациясы бардык оюндарды бир айга токтотту.

Өкмөт мектептерди, бала бакчаларды жана жогорку окуу жайларды убактылуу жабуу чечимин караштырып жатат. Өзгөчө кырдаал тартиби болгар өкмөтүнө башка өлкөлөр менен каттамдарга чектөө коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан бул өлкөдө COVID-19 вирусунан бир адам каза таап, баш-аягы 23 киши илдетти жугузуп алганы ырасталды.

Соңку маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө Кытайдан чыккан коронавируска кабылгандардын саны 134 миңден, ал эми андан каза тапкандар 4 миңден ашты. Жаңы вирус кеминде 110 өлкөдө табылды. Илдеттен 68 миңдей адам айыгып чыкты. Бир күн мурда Чехия менен Латвияда да өзгөчө абал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG