Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Ирандын коопсуздук күчтөрү көчөлөрдү тазалоого катышат


Өрт өчүрүүчүлөр Тегерандын көчөлөрүнүн бири дезинфекциялап жатышат, 13-март 2020-жыл.
Өрт өчүрүүчүлөр Тегерандын көчөлөрүнүн бири дезинфекциялап жатышат, 13-март 2020-жыл.

Ирандын коопсуздук күчтөрү коронавирусту токтотуу үчүн көчөлөрдү дезинфекциялоо ишине катыша турган болду. Аларга бул тапшырманы аткаруу үчүн 24 саат берилгенин Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Мохаммад Багери 13-марттагы телекайрылуусунда билдирди.

“Биздин коопсуздук кызматкерлерибиз Ички иштер министрлиги жана провинциялардын жетекчилиги менен бирге дүкөндөрдү, көчөлөрдү тазалоого киришет”, - деди Багери.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунан 514 киши көз жумду. 13-мартка карата вируска чалдыккан ирандыктардын саны 11364 кишиге жетти. Бирок Иран режимин сынга алган топтор өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны расмий айтылгандан көп экенин билдирип жатышат.

Ислам жумуриятынын бийлиги мектептерди жана окуу жайларды убактылуу жаап, диний, маданий жана спорттук иш-чараларды токтоткон. Ошондой эле жугуштуу илдетке каршы күрөштүү күчөтүү үчүн Эл аралык валюта фондунан 5 миллиард доллардык чукул насыя алууну караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG