Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

ДСУ Европаны коронавирустун жаңы очогу деп атады


Италиянын туристтик жайлары ээнсиреп калды.
Италиянын туристтик жайлары ээнсиреп калды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) ушу тапта Кытай эмес, Европа коронавирустун жаңы очогуна айланганын кабарлады.

13-мартта Женевада өткөн пресс жыйында аталган уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреесус «Эми Европа COVID 19 вирусунун очогу болуп калды» деп айтты. Ал Европада вирус жуктургандар менен андан өлгөндөрдүн саны Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турарын кошумчалады.

Европа өлкөлөрүнөн бир гана Монтенегродо (Черногория) коронавирус каттала элек. Испания, Франция, Германия жана Швейцариянын ар биринде вирусту жуктургандар миңден ашат.

Ал эми вирус эң көп катталган учур боюнча Кытайдан кийин экинчи орунда турган Италияда акыркы бир суткада вирустан 250 киши өлүп, каза болгондордун жалпы саны 1266га жетти.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавируска байланыштуу 13-мартта АКШда улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялады.

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG