Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:58

Чүйдө темир жолдо болгон кырсыктан бир киши өлүп, 12 адам жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Москва районунда Петровка – Нарзан темир жол өткөрмө жайында поезд менен «Мерседес Спринтер» автоунаасы кагылышты. Бул кырсыкта бир аял киши мерт болуп, 12 адам жараат алды. Алардын баары тең кичи автобустун жүргүнчүлөрү.

Жараат алгандардын бешөө эркек, үчөө аял киши жана төртөө бала. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын 14-мартта маалымдады.

«Кырсык «Мерседес Спринтер» кичи автобусунун айдоочусу коопсуздук аралыгын сактабаганы үчүн болгон. Ал түштүктөн түндүккө карай баратып темир жолдо поезд келип калганын байкабай калган», - деди Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев.

Жол кырсыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да маалымат берип, куткаруучулар окуядан кийин кичи автобустун ичинде калып калган адамдарды чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкенин билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG