13-мартта Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкеринин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Дүйшалиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, эми дагы бир жолу анализди 10 же 12 күндөн кийин тапшырышат. Ушу тапта бардыгы тең үй карантинде.
«Дарыгерлер үйгө да келип текшерип турат экен. Биз аэропортко келгенде эле үй карантинде эмне кылыш керек экенин айтып, кагазга жазылган эрежелерди да беришти. Анализдин жыйынтыгын 13-мартта түштөн кийин берип баарыбыздыкы таза чыкты», - деди Абдыбек Дүйшалиев.
Германия Кыргызстандын республикалык штабы эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүргөн биринчи категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Биринчи категорияда Германиядан тышкары Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания бар. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө карантинге алынат.
Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн.
Экинчи категорияга АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Белгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын баары эки жума үй карантинге алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзамдуу түрдө жоопко тартылат.
Үйүндө карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекеме аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.
Үчүнчү категорияга дээрлик оору аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт. Алардын эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат.
Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат. (BTo)