Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

Айылдык кеңештерге шайлоого 954 талапкер катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү жыйынтыкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тараткан маалымат боюнча, 375 мандатка 954 талапкер катталды. Алардын ичинен 296сы аялдар. 48 талапкер саясий партиялардан сунушталса, калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Он күн ичинде алардын документтери текшерилип чыгат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештерине үгүт өнөктүгү 23-мартта башталат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. 12-апрелде болчу айылдык кеңештерге шайлоодо аялдар 30,92% түздү. (BTo)

XS
SM
MD
LG