Адвокат Шарабидин Токтосунов экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаеваны камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Токтосунов өзү билдирди.
Райондук сот 5-мартка караган түнү «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жаткан Осмоналиев менен Дубанбаеваны 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камакка алуу чечимин чыгарган.
Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатканы айтылган.
2-мартта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, 170ке жакын адамды кармап, төртөө камакка алынган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.
Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (BTo)