Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Өмүрбекова: Азык-түлүк тартыштыгы болбойт


Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Кампаларда жок эле дегенде үч айга жете турган азык-түлүк бар. Он бир эң көп керектелүүчү тамак-аш жана керектүү буюмдардын тизмеси түзүлгөн. Казакстанда коронавирус табылгандан кийин да элдин дүрбөлөңгө түшкөнүнө себеп болуп кетти. Өкмөт Кыргызстандагы ишканалар, өндүрүүчүлөр менен ар дайым байланышта болуп продукцияны өндүрүүнү көбөйткөнгө аракет кылып жатат».

Өмүрбекованын маалыматына караганда, эл эң көп талап кылган азыктар-түлүктөргө ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет. Вице-премьер министр абалдан пайдаланып бааны көтөрүп жибергендерге Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик чара көрө турганын, мындай фактылар аныкталса, айып пул салынарын кошумчалады.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу чек аралар жабылып, коомчулукта тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG