Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

Билим берүү мекемелерин каникулга таратуу боюнча буйрук чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 15-мартта билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин эс алууга тарашат.

Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлоруна карантин учурунда күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин аралыктан окутуу технологияларын колдонуу милдеттендирилди.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайларды үч жумага карантинге жабуу Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган.

Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте иштейт. Өкмөт ата-энелерге балдарын үйүндө кароого шарт болсо үйүндө алып калууга, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо бала бакчага алып келсе да болорун билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG