Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

Ак үй: Дональд Трамптан коронавирус табылган жок


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын Ак үйдүн дарыгерлери билдиришти.

14-марттын кечинде президенттин дарыгери Шон Конли Бразилиянын расмий делегациясы менен бир апта мурда Дональд Трамп чогуу тамактанганын, ушундан улам вируска тест тапшырганын айтты.

Бразилиянын Вашингтондогу элчилиги 13-мартта Трамп менен бир үстөлдө тамак жеген элчинин убактылуу милдетин аткаруучу Нестор Фостерден коронавирус аныкталганын маалымдаган эле.

13-мартта Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыялаган. Чек аралар жабылып, Европага, Кытайга каттамдар токтогон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG