Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Кыргызстандын бардык облустарында ундун баасы көтөрүлдү (видео)


Нарын облусу. Ат-Башы району. Ун сатып алып жаткан кишилер. 15-март, 2020-жыл.
Нарын облусу. Ат-Башы району. Ун сатып алып жаткан кишилер. 15-март, 2020-жыл.

Кыргызстандын аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, суу майды, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү облустардагы базарларды, дүкөндөрдү кыдырып, элдин жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Нарын шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Нарында бир кап ундун баасы 1450 сомдон 1800 сомго чейин, суу майдын 1 литри 80 сомдон сатылууда. Облуста 80 тоннадан ашык ун, 30 тонна өсүмдүк майынын кору бар.

Баткен облусунда бир кап ун 1600-1700 сомдон сатылууда. Орточо эсеп менен алганда ундун баасы 150 сомдон 300 сомго чейин кымбаттады.

Базардагы дүрбөлөң ундун баасын көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00


Ал эми Ысык-Көлдө Каракол шаарынан чыккан ундун бир кабы мурда 1200 сомдон сатылса, ушу тапта 1450-1500 сомго чейин сатылууда. Казакстандан алып келинген ундар буга чейин 1400 сом болсо, азыр 1800 сомдон сатылууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Ош шаарындагы ун комбинатында 1-сорт ундун бир мүшөгү 1350 сомдон сатылууда. Бааны себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Ун комбинатка 300 тонна ун, 1000 тонна буудай келатат. Ундун запасы жетиштүү» деди.

Ош: ун сатып алгандар көп болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Ошто айрым соодогерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомго чейин өз алдынча баа коюп сатып жатканы белгилүү болду.

Жалал-Абад облусунда да ундун баасы көтөрүлдү. Адамдар ун сатып алыш үчүн базарларда узун кезекке туруп калышты. Бир кишиге бир мүшөктөн ашык ун сатылбай жатат. Баасы 1300 сомдон 1800 сомго чейин болууда.

Жалал-Абадда ун мурдагы баа менен сатыла баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00


Бишкек шаарында бир кап ун 1450 сомдон, 2000 сомго чейин сатылып жатат.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG