Франция жана Испания Италияга улай эле өзгөчө кырдаал жарыялады. 63 миллион калкы бар Франция 15-марттан тартып коомдук жайларды толук жапты. Ага карабай француздар жекшембиде жергиликтүү шайлоодо добуш беришти.
Испания да тургундардын баскан-турганын 15-марттан тартып чектей баштады. Бул өлкөдө 47 миллион эл жашайт. Италиядан кийин эле жугуштуу илдеттен катуу жабыр тартып жаткан Испанияда алты миңдей кишиден СОVID-19 аныкталып, 191 бейтаптын өмүрү кыйылды.
Италияда көз жумгандардын саны 1440 кишиге жетип, өткөн аптадан бери өлкө боюнча элдин баскан-турганы, транспорт каттамдары чектелип, ишканалар жабылды.
АКШ Европага барчуларга жана эски континенттен келгендерге чектөө киргизди. Мындай чектөөгө келаткан шейшембиден тартып Британия менен Ирландия да кошулат.
Өткөн жума күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европаны «пандемиянын очогу» деп атады. Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейсус адам өмүрүн сактап калыш үчүн өлкөлөрдү «кескин чара» көрүүгө чакырды.
Ушул тапта 49 мамлекет мектептерди толук жаап жатканын ЮНЕСКО билдирди. Швейцария бардык мектептерди 4-апрелге чейин жабат. Германиядагы көпчүлүк мектептер дүйшөмбүдөн тартып окушпайт.