Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

143 өлкөдө коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтындагы маалыматтарга караганда, акыркы суткада дагы тогуз өлкөдө адамдар вируска чалдыккан алгачкы учурлар катталды. Анын ичинде жети өлкө Африка континентинде, бирөө Европада, дагы бири Америка материгинде.

Оорудан жалпысынан 5735 адам көз жумду. 153 517 адам ооруга чалдыккан. 70 миңден ашуун адам сакайып чыккан.

Оорунун очогу болуп саналган Кытайда акыркы суткада 838 адам оорудан айыгып чыккан. 14 адам вирустан өлдү. 16 жаңы учур катталды. Окумуштуулар коронавирус Кытайда жеңиле баштаганын айтышууда.
Кытайда ооруну жугузгандардын жалпы сана 80 миңден ашык.

XS
SM
MD
LG