Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок


Бишкектеги обсервация аймагы. 15-март, 2020-жыл. (Сүрөт обсервацияда жаткан жаранга таандык).

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору түнү-күнү нөөмөттө болорун кабарлады. Ага ылайык, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалган жарандар токтоосуз турдө дарыгерге кайрылууга тийиш.

Министрлик Кыргызстанда 1 545 киши жугуштуу вирустан текшерүүдөн өтүп, илдет аныкталбаганын билдирди. 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181и өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат.

Бирок оорунун алдын алуу максатында 16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган. 15-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков да билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин эс алууга тарашат.

Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте иштейт. Өкмөт ата-энелерге балдарын үйүндө кароого шарт болсо үйүндө алып калууга, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо бала бакчага алып келсе болорун билдирди. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG