Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:13

Сириядагы жарандык согуштун башталганына тогуз жыл толду


Сириядагы согуш. Октябрь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттереш «Твиттердеги» баракчасына «он жылдык согуш кыйроого жана азаптарга гана алып келди» деп жазды.

2011-жылы 15-мартта бир катар сириялыктар президент Башар Асаддын режимине каршы көчөгө чыккан. Көп өтпөй катаал репрессия жүргүзүлүп, аягы кандуу согушка айланган. Согуштан 370 миң адам өлүп, миллиондогон кишилер качкын болуп, жер которууга аргасыз болушту.

Байкоочулар согуш дүйнөлүк державалар ортосунда гана болуп жатканын айтышууда. Москва менен Тегеран Башар Асадды колдосо, АКШ жана Түркия козголоңчулардын таламын талашып келет.

Өзүн «Ислам мамлекети» (ИМ) деп атап алган террордук топ согушка аралашып, ага бардык тараптар каршы турушкан. ИМ тобу жалпысынан талкаланганы менен, айрым мүчөлөрү ушул тапта Сириянын түндүк-батышындагы Идлибде кармалып турат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG