Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Кыргызстан коронавирустун алдын алууда Кытайдан жардам сурайт


Кыргызстан менен Кытайдын туулары.
Кыргызстан менен Кытайдын туулары.

14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер президенттин расмий сайтында жарыяланды. Алардын биринде Тышкы иштер министрлиги жана Саламатык сактоо министрлигине коронавирус илдетин алдын алууда Кытай мамлекетинен кеңеш жана ар кандай жардам суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталган.

Мындан сырткары эконимикалык абалды талдоо, калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу, ири шаарларда массалык иш-чараларды чектөө, жугуштуу илдеттин алдын алууну күчөтүү тапшырылды.

14-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда коронавируска байланыштуу кырдаал Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизери белгиленген.

«Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөөгө өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», - деген Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жээнбеков.

XS
SM
MD
LG