Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстан 800 миллион сомго буудай сатып алат (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттөгү брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында өкмөт 800 миллион сомго дан азыктарын сатып алууну чечти. Анын 400 миллиону өлкө бюджетинен бөлүнсө, 200 миллион сомун РСК жана «Айыл банк» бөлмөкчү.

Абылгазиевдин сөзүнө караганда, учурда өлкөнүн материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып турат.

Премьер-министр буга чейин базарларда ун азыктарына сатып алуу боюнча дүрбөлөң пайда болгонун, ун азыктары 50% чейин кымбаттап кеткенин билдирди. Ал мындай кырдаал кызыл кулактык кылгандардын аракеттеринен улам болгонун билдирди.

Абылгазиев мындай адамдар жазага тартыларын эскертти.

Буга байланыштуу өкмөт башчы бүгүндөн тартып ун, шекер баштаган 11 өнүмдүн баасын тескөө боюнча буйрук чыкканын кошумчалады. Ага ылайык, бул өнүмдөрдүн баасы аныкталат жана андан жогору көтөрүлбөшү керек.

«Эл арасында бул чараларды эртерээк көрсө болбойт деген сөз бар. Мындай кырдаал күтүүсүз болду. Биз айрым жарандарыбыз кызыл кулактык кылып, пайда көрөрүн күткөн эмеспиз», - деди Абылгазиев.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, шекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG