Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Пакистандын президенти Кытайга аттанды


Пакистан-Иран чек арасында калган айдоочулар. Февраль, 2020-жыл
Пакистан-Иран чек арасында калган айдоочулар. Февраль, 2020-жыл

Пакистандын президенти Ариф Алви дүйшөмбүдө Кытайга эки күндүк сапарга аттанды. Президенттин кеңсеси 15-мартта билдиргендей, Кытай лидери Си Цзиньпиң жана башка расмий адамдар менен жолугушуулар каралган.

Билдирүүдө эки өлкө «жакын дос жана бекем өнөктөш» деп сыпатталат. Ошондой эле бул сапар Бээжин жаңы коронавируска каршы күрөшкө «жигердүү катышып жаткан» маалга туш келгени белгиленет. Кытайдын Ухань шаарынан тараган вирус ушу тапта 157 өлкөдө катталды.

16-мартта Пакистан илдетке кабылган дагы 41 киши аныкталганын билдирди. Оору жугузгандарын жалпы саны 94 кишиге жетти.

Иран менен чек арада карантинге алынган ондогон киши, көбү ыйык жайларга зыяраттан кайтып келаткандар санитардык шарттарга нааразылыгын билдиришүүдө.

«Бир алкак - бир жол» долбоорунун алкагында Бээжин Исламабадга он миллиондогон доллар инвестиция жумшоого убада берген.

XS
SM
MD
LG