Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Чехияда карантин киргизилди


Прага. 15-март, 2020-жыл.
Прага. 15-март, 2020-жыл.

Чехия өкмөтү 16-марттан 24-мартка чейин элдин эркин жүрүшүнө чектөө (карантин) киргизди. Өкмөт жекшембиде бир нече саатка созулган жыйындан кийин ушундай чечимге келди. Бийлик калкты жумушка, азык-түлүк, дары-дармек алууга, почта, банк же ушул өңдүү эң зарыл иштери болбосо, сыртка чыкпоого чакырды. Ички иштер министри бул чаралар элдин бири-бири менен азырак байланышта болууну максат кылат деди.

Мейманкана, такси жана башка тейлөө кызматтарынын иши кыйла чектелди. Калкка кызмат көргөзгөн мамлекеттик мекемелер аптасына бир нече жолу гана иштейт.

16-мартта эртең менен Оломоуц аймагындагы 20 чакты айыл жабылды. Саламаттык сактоо министри ал жакта 33 кишиде коронавирус табылганын билдирди.

12-мартта өлкөдө чукул кырдаал киргизилген. Анын алдында бардык орто мектептер, университеттер белгисиз мөөнөткө жабылган.

Дүйшөмбүдөн тартып чех жарандарына чет өлкөлөргө чыгууга, чет элдиктерге Чехияга кирүүгө тыюу салган чечим күчүнө кирди.

Буга чейин азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка соода түйүндөрү, кафе, ресторандардын иши убактылуу токтотулган. 30 кишиден көп топтолууга болбойт. Тыюуну бузгандар айып пулга жыгылат.

16-мартка карай Чехияда 298 кишинин коронавируска чалдыкканы аныкталды.

Карантин буга чейин Италияда, Испанияда жана Австрияда киргизилген.

XS
SM
MD
LG