Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Кабул камактагы талибдерди бошотууну кийинкиге жылдырды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Ооган бийлиги «Талибан» кыймылынын камактагы 1500 мүчөсүн бошотууну кийинкиге жылдырды. Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавед Фейсал камактагылардын тизмесин карап чыгыш үчүн өкмөткө көп убакыт керек экенин айтты. «Талибан» кыймылы Кабулдун чечимине азырынча жооп кайтара элек.

АКШ менен талибдер өткөн айда кол койгон тынчтык келишимине ылайык, Кабул 5 миңдей талибди, «Талибан» кыймылы болсо ооган өкмөтүнүн миңдей өкүлүн туткундан бошотушу керек эле.

Ооган президенти Ашраф Ганинин өткөн апта башындагы жарлыгында талибдердин 1500дөй өкүлү 14-марттан тартып бошотула турганы белгиленген. Калган 3500 киши «Талибан» чабуулдарды азайтып, оогандардын өз ара сүйлөшүүсү башталгандан кийин эркиндикке чыгары жазылган. Талибдер тынчтык келишимин сактагысы келерин, бирок ооган бийлиги бардык туткундарды бошотмоюнча Кабул менен сүйлөшпөй турганын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG