Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

«Чоң жети» коронавируска байланышкан кырдаалды талкуулайт


Рим. 12-март, 2020-жыл.
Рим. 12-март, 2020-жыл.

«Чоң жетиге» кирген мамлекеттер 16-мартта телеконференция уюштуруп, коронавируска каршы «координацияланган чараларды» талкуулашмакчы. Бул тууралуу Ак Үй маалымдады. Топко өнөр жайы өнүккөн алдыңкы демократиялык мамлекеттер - АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия, Британия жана Жапония кирет. Ушу тапта «Чоң жетиге» Кошмо Штаттар төрагалык кылат.

Алгач Кытайда декабрда катталып, 150дөн көп өлкөгө тараган вирус 170 миңдей кишиге жугуп, алты жарым миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетти.

Бир нече күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «илдеттин очогу эми Кытай эмес, Европа» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG