Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Сирия туурасында Германия, Франция, АКШ жана Британия билдирүү таратышты


Идлиб. 5-март, 2020-жыл.
Идлиб. 5-март, 2020-жыл.

Германия, Франция, АКШ жана Британия Сириядагы жарандык согушка тогуз жыл толгонуна байланыштуу кайрылуу таратып, «президент Башар Асаддын өкмөтү ырайымсыздыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек» деп билдиришти. Документте Дамаск режиминин Орусия жана Ирандын колдоосу менен Идлибде коюп жаткан чабуулдары гуманитардык кризисти жаратып жатканы белгиленген. Ошондой эле төрт өлкө эл аралык коомчулукту сириялык качкындарга баш калка берген өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө үндөгөн.

Ал арада «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Сириянын армиясы Идлибде калган карапайым кишилерди бутага алып жатканын 16-мартта билдирди.

Согуш 370 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон жайкын кишини качкын-бозгунга айландырды.

2011-жылдын 15-мартында сириялыктар президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлүп, нааразылыгын билдирип чыкканда бийлик ал акцияларды аёосуз баскан.

Жаңжал дүйнөлүк державалардын ортосундагы прокси согушка да алып келди. Москва менен Тегеран Асад режимин колдосо, АКШ жана Түркия түрдүү козголоңчу топтордун таламын талашууда.

Бирок сөз болгон бардык өлкөлөр «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөшүп келишти. Радикал согушкерлер Сирия аймагындагы бардык таянычтарынан сүрүлүп чыкканы менен айрымдары дагы эле Идлиб чөлкөмүндө кала беришүүдө.

XS
SM
MD
LG