Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

АКШда демократтардын дебаты көрүүчүлөрсүз өттү


Байден жана Сандерс. Вашингтон, 15-март, 2020-жыл.
Байден жана Сандерс. Вашингтон, 15-март, 2020-жыл.

АКШда демократтардын атынан президенттикке ат салышууну көздөп жаткан талапкерлер - мурдагы вице-президент Жо Байден жана сенатор Берни Сандерс - жекшембинин кечинде Аризона штатында дебат өткөрүштү. Коронавирус эпидемиясынан улам дебат көрүүчүлөрсүз, Си-Эн-Эн каналынын студиясында уюштурулду. Негизги темалардын бири азыркы эпидемия болду. Эки саясатчы тең президент Трамптын вируска каршы аракеттерин сындашты. Байден аскерлерди ооруканаларды курууга тартса болорун айтса, Сандерс Трамп вирус тууралуу бурмаланган маалымат таратып, окумуштуулардын айткандарына көлөкө түшүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле 77 жаштагы Байден жана 78 жаштагы Сандерс илдеттен кантип сактанып жатканын айтып беришти. АКШда коронавирустун 3244 учуру катталган.

Байден партиянын атынан талапкер болсо, вице-президенттикке аял саясатчыны тандай турганын билдирди. Сандерс да анын талапкери аял болот деген «ыктымалдык жогору» экенин, шайланып калса администрациясындагы орундардын жарымынан көбүн аялзат өкүлдөрү ээлей турганын айтты. Демократтардын ички жарышына катышкан бир нече аял жарыштан чыгып калды.

АКШда буга чейин аял президент же вице-президент болуп көргөн эмес.

Байден сурамжылоолордо жана буга чейинки ички шайлоолордун жыйынтыктары боюнча азырынча алдыда келатат.

XS
SM
MD
LG