Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти


Коронавирустан улам өзбек базарларында кымгуут башталды
Коронавирустан улам өзбек базарларында кымгуут башталды

Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктуруп алгандардын саны алты адамга жетти. 11-мартта Парижден учуп келген аялдан коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги ал бейтаптан оору үй-бүлөсүнө жукканын кабарлады. Бул аял менен катташкан туугандары, ал жашаган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары, бейтап менен чогуу учуп келген жүргүнчүлөр, учактын экипаж мүчөлөрү жана ал каттамды тейлеген аэропорт, бажы, чек ара кызматкерлери эки апталык карантинге алынды. Бул үй-бүлөдөн сырткары Стамбулдан учуп келген дагы бир жүргүнчүдөн оору аныкталган.

Соңку жагдайдан улам базарларда, соода жайларда, дүкөндөрдө ызы-чуу, кымгуут башталды. Өзбек өкмөтү коронавируска каршы чараларды күчөткөн. Оору тез жайылып жаткан өлкөлөр менен аба каттамдарын токтотуп, унаа жана темир жолдорго чектөө киргизген. Чет өлкөлүктөрдүн келишине дагы убактылуу тыюу салган. Мектептер жана окуу жайлар 16-марттан тарта үч аптага тарады.

Президентке караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин башчысы Дилшод Саиджонов жагдайга байланыштуу такталбаган, жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын, атүгүл беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

XS
SM
MD
LG