Кыргыз өкмөтүндө коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Анда түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алынды. Жыйында ошондой эле өпкөнү сезгентүүчү вирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн жарандарга эл көп чогулган жерге барбоо, ата-энелерге балдарын үйдө кармоо сунушталды.
Санитардык чараларды күчөтүү, массалык иш-чараларды уюштурбоо сунуштары коомдук тамактануучу жана башка кызмат көрсөтүүчү жайларга берилди.
16-мартка карата Кыргызстан аймагында коронавирус катталган учур жок. Учурда 341 адам карантинде кармалып турат. (TSh)