Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

Ош аэропортунда ички каттамдагы жүргүнчүлөр да текшерилет


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 16-мартта Ош эл аралык аэропортундагы коронавирустун алдын алуу иштерин текшерип, карантин жайынын абалын көрдү.

«Күчөтүлгөн режимде иштеп, ар бир жүргүнчүнү көзөмөлгө алыш керек. Мындай учурда ар бир кызмат өз милдетине кайдыгер карабашы зарыл. Керек болсо ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү да текшериш керек. Мындан тышкары эл көп чогулган жерлерде, ишканаларда дезинфекциялоо иштери улантылсын», - деди Сарыбашов.

Ош облусунун аймагында учурда 84 киши обсерваторияда 14 күндүк карантинде болууда. Алардын ичинде коронавирус аныкталган учур жок. Облус боюнча карантин үчүн 550 орун даярдалган. Анын 237си Ош шаарында. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча облустук штаб билдирди.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөрдү берип, ишкерлердин арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюралар жана плакаттар таркатылып жатканын кабарлады.

Ош эл аралык аэропорту - Фергана өрөөнүндөгү эң ири аэропорттордун бири. Шаардан 9 чакырым алыс жайгашкан. Ага авиакаттамдар Орусиянын Москва, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Сургут, Иркутск өңдүү шаарларынан ырааттуу каттап турат. Ал эми Ош-Бишкек авикаттамдары күн сайын кеминде беш рейс каттайт. (DU)

XS
SM
MD
LG