Шайлоо фонддорундагы сумманы буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) адистери гана билип келсе, мындан ары ар бир жаран андан кабардар боло алат.
Саясий партиялардын каржы булактары ачык жарыялана баштаганын БШКнын мүчөсү, медиа юрист Атыр Абдрахматова 16-мартта «Азаттыкка» билдирип, маалыматтар talapker.shailoo.gov.kg сайтында улам жаңыланып турарын айтты.
«Шайлоо фондундагы сумманын ачык болушун биздин айрым мүчөлөр да колдобой келишкен. 12-мартта каржылоо боюнча инструкцияга өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, эгер кимдир-бирөө кайсы бир саясий партиянын шайлоонун фондуна акча которсо, аты-жөнү ачык жарыяланышына макулдугун бериши керек», - деген Абдрахматова бул соңку эки жылдагы аракеттин жыйынтыгы экенин белгиледи.
Атыр Абдрахматова менен маекти бул жерден угуңуз:
Ушул күндөрү Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоо боюнча үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. (ZKo\SE)